30.05.2018 09:00

Роза Отунбаева  дүйнөдөгү таасирдүү 100 адамдын катарына кирди

Роза Отунбаева  дүйнөдөгү  таасирдүү 100 адамдын катарына кирди

Экс-президент Роза Отунбаева гендердик саясатты алдыга жылдыруу боюнча дүйнөдөгү таасирдүү адамдардын жүздүгүнө кирди. Бул тууралуу маалымат британиялык изилдөө уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Изилдөө уюму гендердик саясат чөйрөсүндөгү башкы эксперттердин пикирине таянып жана эл аралык уюмдардын, академиялык институттарынын эксперттеринин корутундусунун негизинде рейтинг түзгөн.

Роза Отунбаева бул тизмеге Евразия континентинен кошулган жападан-жалгыз саясатчы болуп калды.  100 таасирдүү адамдардын тизмесине ошондой эле,  Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Швециянын тышкы иштер министри Маргот Вальстрём,  Австралиянын мурдагы өкмөт башчысы Жулия Гиллард жана Лондондун мэри Садик Хан өңдүү бир катар инсандар кирди.